“Учурда өлкө боюнча 90 миңдей адам кезекте турат. Анын 48 миңден ашыгы Бишкекте, аларга болжол менен 6300дөй батир берилет. Калгандары аймактар боюнча бөлүнөт”, — деди компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси.
Кылычбек Келдибеков “Биринчи радиого” берген маегинде аймактар боюнча бериле турган батирлердин саны төмөнкүдөй экенин айтты:
Чүйдө — 3129
Жалал-Абадда — 3219
Ысык-Көлдө — 2266
Нарында — 433
Таласта — 319
Ошто — 2912
Баткенде — 1422

