Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоорго ылайык, “Элдик Банк” асыл тукум мал чарбасын колдоо үчүн эң төмөнкү үстөк пайыз менен насыялоону баштады.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин активдүү колдоосу менен мамлекеттик «Элдик Банк» асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул мамлекеттик программа боюнча пайыздык чен жылына болгону 3% (ЖПЧ 3,04%) түзөт жана бул агрардык секторду колдоого багытталган эң жеткиликтүү каржылык инструменттердин бири болуп саналат.
Бул демилгенин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмедеги асыл тукум заводдор, фермердик чарбалар, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, жеке ишкерлер, асыл тукум мал импорттоочулар жана уруктандыруу боюнча техниктер жеңилдетилген насыя ала алышат.
Программа ата мекендик мал чарбачылыкты колдоого, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, генетикалык потенциалын жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.
Жеңилдетилген каржылоо төмөнкү багыттарга берилет:• асыл тукум мал сатып алууга;• чарбаларды модернизациялоого;• мал чарба объектилерин курууга жана реконструкциялоого;• малды багуу жана көбөйтүү боюнча заманбап технологияларды киргизүүгө.
Программанын алкагында ири мүйүздүү малдын ала-тоо, герефорд, голштин, симментал, айшир, бура швиц жана галловей сыяктуу асыл тукум породаларын багуу колдоого алынат.Насыянын шарттары:• суммасы — 20 000 000 сомго чейин;• уруктандыруу техниктери үчүн — 2 000 000 сомго чейин;• мөөнөтү — 60 айга чейин;• жеңилдик мөөнөтү — 6 ай;• 500 000 сомго чейин — күрөөсүз;• күрөө жетишсиз болгон учурда Гарантиялык фонддун кепилдиги каралган.
Банктын маалыматына ылайык, бул программа агрардык сектордун туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүп, ата мекендик продукциянын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана асыл тукум мал чарбалардын өнүгүүсүн камсыздайт.
Программа тууралуу кеңири маалыматтарды «Элдик Банктын» бардык филиалдарынан жана банктын расмий сайтынан алууга болот.

