Алдыдагы аптада кыскартылган жумуш жумасы болот

Алдыдагы аптада кыргызстандыктарды кыскартылган жумуш жумасы күтөт. Жаңы жылдык каникулдар расмий түрдө 2026-жылдын 12-январына чейин узартылды.

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле бюджеттен каржыланган уюмдардын кызматкерлери үчүн 8–9-январь күндөрүн кошумча эс алуу деп бекитти.

Чечим мектеп окуучуларынын кышкы каникулу маалында үй-бүлөлүк эс алууга шарт түзүүгө жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле жеке компаниялардын жетекчилерине мүмкүнчүлүккө жараша ушундай эле эс алуу режимин колдонуу сунушталды.

Токтом 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ал эми бул аптанын иш күндөрү демейдегиден бир саатка кыскарат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *