№13 округ боюнча кайра шайлоо 1-мартка дайындалды

№13 шайлоо округундагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2026-жылдын 1-мартына белгиленди. Чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

Эске салсак, 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо №13 округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тапкан.

Текшерүүдө талапкерлердин өкүлдөрү 35 шайлоо участогуна камера орнотконун, бул шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга алып келгенин аныктаган.

№13 округда 94 шайлоо участогу болгон. Алдыңкы талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болгон. Бул округдагы шайлоого катышкан бардык талапкерлер кайра шайлоого катыша алышпайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *