Баткен шаарында “Жаштык” жана “Жеңиш” борбордук эс алуу бактары пайдаланууга берилди

Баткен шаарында “Жаштык” жана “Жеңиш” борбордук эс алуу бактары пайдаланууга берилди. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эс алуу жайларынын курулушуна 137 млн сомдон ашык жумшалды.

Учурда эс алуу парктарында соода павильондору, амфитеатр, фонтан, шахмат ойноочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр, балдар ойноочу аянт, машыгуу жайлары, тротуар жана велосипед жолдору курулду. Ошондой эле жер астындагы электр, суу жана канализация коммуникациялары жаңыланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *