“Манас” эл аралык аэропортуна коюу туман жана катаал аба ырайы шартында да учактарды коопсуз кондурууга жана учурууга мүмкүнчүлүк берген CAT III жарык-сигналдык системасы орнотулуп жатат.

“Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, система ишке киргенден кийин каттамдардын кечеңдеши азайып, учуу коопсуздугу жогорулайт. Учурда орнотуу иштери уланууда.
