Өзгөчө Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Нурланбек Кочкорбаев социалдык кызматкерлер менен биргеликте кырсык болгон аймактарда жеринде иш алып барып, жабыркаган жарандардын абалынан кабар алууда. Алар сел каптаган үйлөрдү кыдырып, тазалоо иштерине түздөн-түз катышып, тургундарга моралдык жана социалдык колдоо көрсөтүшүүдө.
Сары-Колот айылында 50 турак үй селден жабыркап, анын ичинен 1 турак үй жана 6 сарай авариялык абалга келген. Мындан тышкары, селдин кесепетинен көптөгөн үй-бүлөлөр материалдык чыгымга учураган.
Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жагдай — аталган аймакта социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандардын көптүгү. Тактап айтканда, айылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 161 жаран, 6 жалгыз бой карыя, 5 тоголок жетим бала, 10 ооган согушунун ардагери жана социалдык контракттын негизинде мамлекет тарабынан колдоо алып жаткан 198 жаран жашайт.






