Жайкы туристтик сезон алдында туристтик объекттерге мониторинг жүргүзүлүүдө

Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда.

Даярдык иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санэпидкөзөмөл борборлорунун жана тиешелүү кызматтардын адистери менен биргеликте Чүй жана Ысык-Көл областтарына иш сапарларды жасады.

Мониторингдик иш-чаралар жай мезгилинде туристтердин агымы жогору болгон Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын, ошондой эле Ысык-Көл районун камтыды.
Иш сапарлардын жүрүшүндө жумушчу топтор туристтик объекттердин, пансионаттардын, коомдук тамактануу жайларынын жана негизги туристтик маршруттардын боюндагы инфраструктуранын санитардык абалы менен таанышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *