Чет өлкөлөрдөн акча которуулардын басымдуу бөлүгү Россиядан келген

2025-жылдын 11 айында Кыргызстанга 3,2 млрд доллардан ашык акча которуу түшкөн. Нацбанктын маалыматына ылайык, бир гана ноябрь айында өлкөгө дээрлик 265 млн доллар келип түшкөн.

Негизги булак — Орусия: дээрлик 3 млрд доллар, башкача айтканда жалпы түшүүлөрдүн 93%га жакыны. Эң жогорку көрсөткүч август жана октябрда болуп, ай сайын дээрлик 320 млн долларга жеткен.

Ушул эле мезгилде Кыргызстандан чет өлкөгө 352 млн доллар жөнөтүлгөн: акчанын көбү Орусияга (310 млн) жана Түркияга (28 млн долларга жакын) кеткен. Натыйжада «таза киреше» 2,87 млрд долларды түзүп, бул каражат негизинен ички керектөөгө жана курулушка жумшалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *