Кыргызстан Россиядан бензин жана дизелдик отунду толугу менен бажы төлөмүсүз алып жатат. Бул тууралуу Мунай трейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатов «Кабар» агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда ички рынокто былтыртан калган күйүүчү май сатылууда, ал эми быйылкы жылга карата баалар жаңыдан калыптанууда. Россиядан күйүүчү-майлоочу материалдар жеңилдетилген шартта жеткирилүүдө.
Индикативдик баланс өткөн жылдын деңгээлинде бекитилген, бирок зарылчылык жаралса, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Чекене баалар азырынча 1–1,5 сомго арзандады. Бул сезондук көрүнүш болуп, Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор жыл соңунда кампада калган отундун дүң баасын төмөндөтүшү менен байланыштуу.
15-январдан кийин заводдор ишин жандантты. Февраль айына карата баалар ай аягында белгилүү болуп, андан кийин Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасынын мындан аркы багыты аныкталат.
