Кыргызстан менен Кытай ортосундагы визалык режимди жөнөкөйлөтүү зарыл. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Кытайдын Циндао шаарына болгон иш сапарынын алкагында айтылды. Анда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрдү.
Талкууда Тараптар мындай кадам туризм, бизнес жана маданий байланыштар үчүн маанилүү экенин белгилешти. Мындан тышкары эки өлкөнүн жарандарынын, ишкерлеринин укугун, кызыкчылыктарын коргоо да каралды. Натыйжада жарандардын жана ишкерлердин ишмердигинде калыстыкты, мыйзамдуулукту камсыздап берүү макулдашылды.
Аны менен катар соттолгондорду которуу сүйлөшүлдү. Кыргызстандын өкүлдөрү Кытайдын абактарында отурган жарандарын өз өлкөсүнө кайтарып берүүнү өтүнүштү. Бул маселеде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Юстиция министрлигинин ортосунда кызматташтыкты камсыздоо зарыл экени айтылды.

