Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Алтын Тулпар Унаа Курулуш» заводунун курулушу менен таанышты. Завод ишке кирсе, Chevrolet жана Isuzu үлгүсүндөгү автоунааларды чыгарат.

Өндүрүштүк кубаты жылына 10 миң автоунаага жетип, миңден ашык жумуш орун түзүлөт.
Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга продукцияны сатууну колдоо программасын иштеп чыгып, заводдун тез арада ишке киришине шарт түзүүнү тапшырды.

Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров бир катар ишканаларда, алсак, Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай заводуна, «Дан» мамлекеттик ишканасына, тоо-кен комбинатына, «Кыргызалтын» ААКтын нефтини кайра иштетүүчү заводуна, Москва районундагы көп тармактуу консерва заводуна, керамзит заводуна, IQF технологиясы боюнча тоңдуруу цехи бар өлкөдөгү биринчи логистикалык борборго, Бишкек канаттуулар фабрикасына, Сокулук районундагы бут кийим фабрикасына барды.Андан тышкары Сокулуктагы муниципалдык мал базардын курулушун көрдү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *