Ош облусундагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети башталды. Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы жана Ош облусундагы Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Программанын максаты — Ош облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү. Программага төмөндөгү критерийлерге төп келген ишкер аялдар катыша алат:


• Ишкердикти үйрөнүүгө жана өзүнүн бизнес-пландарын же идеяларын өнүктүрүүгө даяр;
• Туруктуу (чакан жана орто) бизнестин жана оригиналдуу/инновациялык бизнес-идеялары бар;
• Финансылык эмес, гранттык колдоого муктаж бизнестин ээлери (өндүрүштү кеңейтүү, кошумча жабдууларды, кошумча материалдарды сатып алуу ж.б.).
Суроолор боюнча +996 701 145452 номуруна кайрылыңыздар.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *