АКШ президентинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор Кыргызстанга расмий визит менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Визиттин алкагында:
— Президент Садыр Жапаров,
— ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалган.
Ошондой эле Серджио Гор 4–5-февралда Бишкекте өтө турган «Борбор Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат.
Визит аймактык кызматташтыкты жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

