Франциянын прокуратурасы Илон Маскка таандык X социалдык тармагынын Париждеги кеңселеринде тинтүү жүргүздү. Бул 2025-жылдын январынан бери уланып келе жаткан иликтөөнүн алкагында өттү.
Тергөө соцтармакты кыянат пайдалануу жана мыйзам бузуу боюнча шек саноолорго байланыштуу. Процессуалдык аракеттерди прокуратуранын киберкоопсуздук бөлүмү Европол менен биргеликте жүргүзгөн.
Париж прокуратурасы X платформасында билдирүү жарыялап, платформадан чыгып жатканын да кошумчалады.
Bloomberg маалымдагандай, Илон Маск жана X’тин мурдагы башкы директору Линда Яккарино апрель айында «ыктыярдуу угууларга» чакырылды. Алар иш жүргөн учурда платформанын факттык жана юридикалык жетекчилери катары каралууда.
Прокурор Лора Беккуо иликтөөнүн максаты — X платформасынын Франция мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу экенин билдирди.

