Президент Садыр Жапаров «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги жолугушууда маалымдагандай, акыркы он жыл ичинде:
9 120 адам каза болгон,
13 260 адам ар кандай жаракат алган,
Жабыркагандардын жарымына жакыны майып болгон.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бул кошумча социалдык милдеттенмелерди, анын ичинде жөлөк пул төлөөлөрүн талап кылат.
Садыр Жапаров сандар жол коопсуздугу көйгөйү олуттуу экенин жана системалуу чараларды көрүү зарылдыгын көрсөтөт,-деди.

