IV Элдик курултай жыйынтыкталды

Эки күнгө созулган IV Элдик курултайдын жүрүшүндө 150 делегат жарыш сөзгө чыгып сүйлөдү. Бул тууралуу IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров билдирди.

Анын айтымында, делегаттар тарабынан айтылган сунуштар, ой-пикирлер жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар негизинде курултайдын резолюциясы кабыл алынды. Резолюцияда президенттин кайрылуусу, өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча сунуштар эске алынып, министрлер кабинети тарабынан тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгат.

Курултайдын жыйынтыгында делегаттар төмөнкү негизги чечимдерди кабыл алышты:
• президенттин кайрылуусунун негизинде иш пландарын иштеп чыгуу жана аткаруу;
• Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын баяндамаларын эске алуу;
• сот адилеттик иштери боюнча кеңешке шайланган өкүлдү бекитүү үчүн документтерди Жогорку Кеңешке 10 күндүн ичинде жөнөтүү;
• делегаттар көтөргөн көйгөйлөр жана сунуштар боюнча иш-чаралар планын даярдап, президентке киргизүү;
• IV Элдик курултайдын резолюциясынын долбоорун негизинен кабыл алуу.

Курултайдын соңунда Улуттук кеңештин төрагасы делегаттарды резолюциянын долбоору менен тааныштырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *