Садыр Жапаров: «2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз»

2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз. Бул тууралуу Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштайт. Ал эми 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачылат.

Ушул жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 732 млрд сомдон ашат. Мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп саналат.

Өлкө башчысы 2030-жылга чейин жыл сайын төлөнчү сумманы да айтты:

▪️2022 жыл — 392 млн доллар
▪️2023 жыл — 595 млн
▪️2024 жыл — 688 млн
▪️2025 жыл — 857 млн
▪️2026 жыл — 1 млрд 48 млн
▪️2027 жыл — 1 млрд 277 млн
▪️2028 жыл — 1 млрд 326 млн
▪️2029 жыл — 1 млрд 326 млн
▪️2030 жыл — 1 млрд 201 млн

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *