Кыргызстандан фронтко аттанган 1395 кыздын тагдырын чагылдырган «Өрт кечкен сөйкө» аттуу жоокердик-тарыхый сериал тартылып бүттү

8 сериядан турган бул теледолбоор Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.

Тасма кыргызстандык жана советтик жоокерлердин эрдигин, мекенчилдигин жана биримдигин көркөм формада баяндап бермекчи.

 Советтер Союзунун Баатыры, учкуч Евдокия Паськонун (Каракол шаары), хирург Рафа Айдарбекованын (Чүй облусу), зенитчи Тамара Балтабаеванын, фронтто кызмат өтөгөн радисттердин, чалгынчылардын, снайперлердин жана фельдшерлердин образдары берилет.

Сериалда жаш панфиловчу жоокер, акын, кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын Эл акыны болгон Сооронбай Жусуевдин, фронтто каармандык көрсөткөн учкуч Абдыкерим Кармышаковдун образдары чагылдырылган.

Фильмди актер, режиссер Мурат Мамбетов тартып, сценарийин Гүлмайрам Саалаева, Жыпар Исабаева, Гүлзар Жумагулова жазган.

Кинокартинаны «Кыргыз сериал» чыгармачылык-өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жана Коргоо министрлигинин колдоосу менен тарткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *