Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын экинчи күнү – 26-декабрда делегаттардын суроолоруна жооп бергенин, анда делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроо берилгенин айтты.
Ал залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүнгөн.
Анда баары толук кол көтөрүшкөнү түз эфирде да көрсөтүлдү. Президент делегаттардын 71и ага калп айтканын билдирди.
«Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Төртүнчү Элдик Курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет», — деди Садыр Жапаров.
