Президент бүгүн бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абадка келет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *