Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу төмөнкүдөй болду:

Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)
Толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

Эске салсак, 8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон өткөн жери боюнча, ал эми экинчи этапта 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.

Окшош Жаңылыктар:
Эл аралык сынакта кыргызстандык педагогдор биринчи орунду багындырышты
Билим берүү министрлиги жана эпидемиологдор студенттерди жогорку окуу жайларга кайтаруу маселесин карап жатат
Билим берүү уюмдарында бир адамдан COVID табылса класс жабылат
Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп ачылат

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *