Кыргызстанда 2024-жылдын январында мал жана канаттуулар көп багылып, сүт жана жумуртка өндүрүү өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылат.
Январь ичи Кыргызстан 31,6 миң тонна мал менен тоок этин өндүргөн.

Сүт 84,3 миң тонна өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5%га көп болгон. Ошондой эле жумуртка өндүрүшүндөгү көрсөткүч дагы өсүп, былтыркыга салыштырмалуу 15,3%га көп болгон.

Биримдикте жалпысынан алганда сүт өндүрүү 3,2%га өссө, жумуртканын көрсөткүчү, тескерисинче, 0,9%га төмөндөгөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *