Президент Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алды.
Алар аталган мекеменин 30 жылдыгын белгилөө тууралуу маектешти.
Ташибеков эмгек сиңирген дин ишмерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо маселесин кароону өтүндү. Президент ага макулдугун билдирип, Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген наамды ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

