Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Өкмөттөн билдиришкендей, учурда завод тесттик режимде иштеп жатат.

Заводду толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылган. Ишканада 200гө жакын адам иштейт жана саатына 2 тоннадан ашык эски дөңгөлөктөр кайра иштетилет. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар бөлүнгөн. Өндүрүлгөн продукциялар Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот.

Завод жаш балдардын спорт аянтчаларын курууда колдонулуучу продукцияларды да чыгарууну пландаштырууда. Акылбек Жапаров мындай аянтчаларды өлкөдөгү мектептерге жана сейил бактарга орнотуу үчүн буйрутма берүүгө даяр экенин белгиледи.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *