Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2025-жылдын 26-ноябрында чек арачылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшкандыгын маалымдайт.
Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 1000 метр аралыкта белгисиз беш адамдан турган топ малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.
Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек ара кезмети тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүлүүгө божомолдонгон 67 баш ири мүйүздүү мал кармалды.
Кармалган мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алынып келинди.

