Кийинки жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алууну каалаган кыргызстандыктардан экзаменди жасалма интеллект алат. “Эми сынактарга адамдар катышпайт. Экзаменге кирген адам компьютер берген суроолорго жооп берет, тапшырса өтөт”, — деди Каныбек Туманбаев. Президенттин иш башкаруучусу ошондой эле кыргызстандыктарды эски айдоочулук күбөлүктү мындан ары “Түндүк” тиркемеси аркылуу алмаштырууга болорун кошумчалады. Бул үчүн тиркемеге сөзсүз 083 формасындагы маалым катты жүктөш керек.

