Айыл чарба министрлиги бул аянтчаларда ишемби жана жекшемби күндөрү дыйкандар өндүргөн продукция элге түз жана жеткиликтүү баада сатыларын белгиледи.

Ошондой эле министрлик негизги азык-түлүк боюнча тартыштык жоктугун, кор жетиштүү экенин кошумчалады.

Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн расписание боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.

 Жарманкеде азык-түлүктөр базардагыдан арзан баада сатылып жатат. Келгендер керектүү тамак-аштарды бир аптага жетерлик сатып алса болот.

 Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.

 Министрлик мындай демилгелер айыл чарба тармагын колдоого жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилейт.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *