Бишкек шаарындагы унаа токтотуучу жайларга электрондук төлөм киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.

Ага ылайык пилоттук долбоор 2023-жылдын 18-декабрынан тарта ишке түшөт.
Бул иш-чара Токтогул – Тыныстанов – Фрунзе – Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда тест режиминде башталат.


Белгилей кетсек, жаңы ыкма Бишкек шаарынын мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт.
Пилоттук долбоордун негизги максаты – мобилдик капчыктар жана банктык төлөм системалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын иштешинде программалык камсыздоону сыноо.


Муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды жаңы форматта иштөө үчүн электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *