Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылына карата ЖОЖдорго (Жогорку окуу жайларга) кышкы кабыл алуунун алкагында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө буйругу чыкты.


Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 4 тур менен жүргүзүлөт:
I тур – 2023-жыл, 25-30-декабрь;
II тур – 2024-жыл, 8-13-январь;
III тур – 2024-жыл, 15-20-январь;
IV тур – 2024-жыл, 22-27-январь.


Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүүнүн бекитилген графиктеринин мөөнөттөрүн сактоону камсыз кылуу милдеттендирилет. Кабыл алуу жана ЖОЖдор жөнүндө толук маалымат сайтында — https://2020.edu.gov.kg/vuz

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *