Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн турнирде жеңишке ээ болушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, күрөш өнөрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары дзюдо боюнча уландар жана кыздар арасында «ARLAN JUDO KIDS TOURNAMENT» ачык турниринин жеңүүчүлөрү болушту. Мелдеш 8-11-декабрь аралыгында Казакстандын Тараз шаарында өттү.


Жаш спортчулар жалпы 6 медалга ээ болушту, алар:
Темирлан Тургунбеков – 1-орун (29 кг салмакта);
Кантемир Тургунбеков – 2-орун (35 кг);
Эмил Солтобеков – 3-орун (35 кг);
Сыймык Ишеналиев – 3-орун (38 кг);
Орозбекова Адинай – 3-орун (40 кг).

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *