Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана жер улак боюнча финалдык беттештерге билеттер калбай калганын уюштуруучулар билдиришти.
Финалдык оюнга 7000 билет 1000 сомдон сатылганы белгилүү болду.
Учурда жер улак боюнча 6-сентябрга пландалган финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары алтын байге үчүн күч сынашары белгилүү болуп калды.
Ал эми көк бөрү боюнча финалчылар алдыдагы оюндардын жыйынтыгында аныкталат.


