Мекеменин маалыматында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымында, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман – Ак-Тал – Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымында (Кара-Гоо, Ийри-Суу тилкеси), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90- чакырымында кар көчкү түшүшү ыктымал.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.
Буга чейин Бишкек-Ош жолунда 20 миң куб метрден ашуун кар түшүрүлгөн.

