20-майда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында Кыргызстандын бажы жеңилдиктери боюнча эки демилгеси жактырылды.
Биринчиси какао упасына тиешелүү: 2026-жылдын аягына чейин өлкө 300 тоннага чейин бул чийки затты импорттук бажы алымын төлөбөстөн алып келе алат.
Бул жеңилдик шоколад, кондитердик азыктар, нан азыктары, сүт продукциясы жана суусундуктарды өндүргөн ата мекендик ишканаларды колдоого багытталган.
Экинчи демилге ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкка байланыштуу — импорттук бажы алымынан бошотулган товарлардын тизмеси кеңейтилди.
Кыргызстан какао жана ири иш-чараларга керектүү товарлар үчүн бажы жеңилдиктерин алды


