Кыргызстанда 40 райондун жер фонду боюнча маалыматтар толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү.
Инвентаризациянын жыйынтыгы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикте талкууланды.
Маалыматка ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкана бардык картографиялык материалдарды жана ведомостторду санарип форматка өткөрүп бүткөн.
Иштин жүрүшүндө адистер ар бир айыл аймактагы жерлердин аянтын тактап, участоктордун категориясы, түрү жана көлөмү боюнча маалыматтарды бирдиктүү электрондук базага киргизишти.
Жаңыланган жер маалыматтары 2026-жылдын аягына чейин министрликтерге, ведомстволорго, ишканаларга жана жарандарга толук жеткиликтүү болот деп күтүлүүдө.
Санариптик эсеп жер ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана жер тармагындагы мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.


