Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтүйүндөгү баракчасына жазды.
Өлкө башчысы көп жыл чыкпай калган адабий журналдын жаңы басылган саны колуна тийгенин айтты.
Ошондой эле окурмандарды журналга жазылууга чакырды.
«Эми «Ала-Тоо» журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат. Учурдан пайдаланып бул журналга жазылууга чакырып кетмекчимин. Айына бир жолу чыгат. «Кыргыз туусу» басма үйүнөн алсаңыздар болот. «Ала-Тоо» адабий журналынын сапары байсалдуу болсун!», — деп жазды президент.


