Чүй облустук милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка караганда, “ВАЗ-НИВА-21214” унаалары Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык милициясынын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББнин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди. Унааларды тапшыруу иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышкан.


Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү”, — деп билдирет министрлик.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *