Баатыр энелердин балдары үчүн жогорку окуу жайларында кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүн

Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жогорку окуу жайларында жыл сайын кеминде 500 кошумча гранттык орун бөлүү сунушталууда.

Агартуу министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилге көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жогорку билим алууга шарт түзүүгө жана алардын социалдык корголушун күчөтүүгө багытталган. Учурда ЖОЖдорго кабыл алууда мамлекеттик гранттардын 5%ы жеңилдик берилген категорияларга бөлүнөт, ал эми баатыр энелердин балдары үчүн өзүнчө квота киргизүү сунушталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *