Ош шаарынын Озгур айылына муниципалдык асфальт заводу курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.



Ага байланыштуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун ордун жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, курулуш материалдарын казып алууда ижарага берилген жерлердин келишимде көрсөтүлгөн каражаттарын өз убагында бюджетке түшүрүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон болсо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын август айынан баштап бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 га үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *