Өлкөдө курулуш ченемдери жана эрежелери жаңыланат. Демилгени Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев көтөрүп, курулуш ченемдерин жана эрежелерин жаңыдан иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.


Анын алкагында директордун орун басары Т. Иманакун уулу Куруучулар союзунун төрагасы А. Молдобаев , Сейсмотуруштуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынан У. Бегалиев жана бул тармактагы башка адистер менен биргеликте жыйын өткөрүштү. Анда курулуштун сапаты, колдонулган материалдар жөнүндө жана жарандардын буга байланыштуу коопсуздугу тууралуу талкуу жүрдү.

