Анын айтымында, өлкө карыз төлөөнүн эң жогорку тепкичине жетти.
Акылбек Жапаров 2024-жылдын республикалык бюджеттинде бюджеттик колдоонун алкагында келүүчү насыялар жана гранттар боюнча суммалар жок экендигин, өлкө өзүнүн булактарына таянарын кошумчалады.
“2030-жылга чейин ири суммалардагы карызды төлөйбүз: 2023-жылы –344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, 2025-жылы – 430 млн доллар, 2026-жылы — 390 млн доллар. Тышкы карыз боюнча мамлекеттик саясат өзгөрөт”, – деди ал.