Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Айыл элин күттүргөн иш чарага Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов катышты. Саамалыктын алкагында мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн “Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Билим уясы 375 орунга ылайыкташкан. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метр.
Мектеп 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.