Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиелешүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев көтөрүп, коомдук талкууга коюлду.
Анда турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар өз маселесин чечүүнүн бир айласы катары көзү ачыктарга кайрылып жаткандыгын белгиленген. «Көзү ачыкмын», «сыйкырчымын» дегендер кайрылгандардын кыйынчылык тартып жатканын билип, «көйгөйүн чечип берем» деп ишендирип, көз боемочулук кылышат.
Ошондуктан аларды жана көрсөткөн кызматтарын интернет, жалпыга маалымдоо каржаттары тарабынан жарнамалоого тыюу салуу керек деп эсептейт.
Депутат мыйзам долбоорун алдамчылыкка жол бербөө максатында иштеп чыккан маалымдалды.