Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.
Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейинки продукцияны түзөт. Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.
Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрү жана канализация системалары үчүн продукциянын кеңири ассортиментин чыгарууга мүмкүндүк берген заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган.
2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды, муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.
Мамлекет башчысы продукцияны даярдоо технологиялык процессин көрүп чыгып, ишкананын учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат алды.
Президент ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.






