Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштап, коомдук талкууга койду.


Документте көп кабаттуу үйгө түнү менен адамдарды чакырып, же катуу музыка коюп, курулуш же оңдоо иштерин жасап кошуналарына тынчтык бербегендерге милиция чара көрө албай жатканы жазылган. Ал эми үйгө жанаша жайгашкан оюн-зоок жайлары, кафе, бар жана ресторандар тынчтык бербеген учурда Санэпид көзөмөл департаментине кайрылуу шарт. Бирок аларды түнкүсүн чакыруу мүмкүн эмес. Муну жүйө келтирген депутат аларды көзөмөлдөө укугун ИИМге өткөрүп берүүнү демилгеледи.


Мыйзам долбоору колдоо тапса кошунасынын тынчын алган жеке жактарга 2000, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып салынат. Анда дагы токтобосо 10 жана 28 миң сомдук айыпка жыгылышат. Бирок мындай айып пул менен дагы көбү жазасыз калууда. Сунушталган редакцияда биринчи жолу жасалган укук бузуу үчүн айыпты азайтуу, эгер экинчи ирет катталса жоопкерчиликти белгилөө камтылды”, — деп жазылат сунушталган мыйзам долбоорунда.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *