Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 9-12-декабрларында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.


9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз
-3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.


Ошондой эле 12-14-декабрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -18…-23° күндүз -10…-15° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу мүмкүн.


Ал эми Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, Ат-Башы районунда -23…-28°, күндүз -11…-16° суук, тоо этектерде түнкүсүн -17…-22°, күндүз -12…-17° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -14…19° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.


Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.


Айдоочулар алыскы жолго чыгаарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпоосун эскертишет.
Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, кырсык катталган учурда 112 кызматына чалып, жардам чакырса болот. Чалуу акысыз жана 24 саат бою кабыл алынат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *