Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.


Тармактык комитеттин төрагасы Улан Примов Кыргызстан Японияны саясий жана соода-экономикалык кызматташтык, демократиялык өнүгүүнүн жалпы баалуулуктарына ээ болгон жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары карай турганын билдирди.


«Биз парламенттер аралык кызматташтыктын деңгээлин жана сапатын жогорулатууга кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук топторунун ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча аракеттерин толуктап турат», – деп баса белгилеп, делегациялардын үзгүлтүксүз жолугушууларын жана эл аралык форумдарга катышуунун негизинде Кыргызстан менен Япониянын парламенттеринин ортосунда туруктуу байланыш механизмдерин түзүүнү сунуштады.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года эки тараптуу кызматташтыкты, өзгөчө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашылды.

Жолугушууга депутат, Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров дагы катышты.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *