Министрлер кабинети өлкөдөгү мугалимдер менен окуучулардын ар бирин ноутбук менен камсыз кылмакчы. Бул тууралуу Акылбек Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууга байланыштуу жыйында билдирди.

Анын айтымында, этап-этабы менен мектепти санариптик трансформациялоо башталат.
“Биринчи этапта ар бир мугалимди ноутбук менен камсыз кылабыз. Мугалимдер ар бир айылда, ар бир шаарда эң алдыңкы адамдардан болууга тийиш. Андан соң ар бир балага ноутбук алып берели деген пландарыбыз бар. Мындай учурда алардын ар биринин жеке мугалими болуп, билим алууда күнү-түнү мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деди ал.
Ошондой эле мындан ары STEM-предметтер менен англис тили сабактарында Оксфорд жана Кембридж окуу жайларынын китептери колдонулуусу күтүлүүдө жана учурда “Акылман” президенттик лицейи бул система боюнча билим алып жатканын кошумчалады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *