Бүгүн, 18-январдан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча бардык Калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштеп баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Бул маанилүү кадам иш графиги саат 9:00дө башталган жарандардын эртең мененки сааттардагы муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. Буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборлорунда саат 08:00дон 20:00гө чейинки аралыкта жаңы иш графиги киргизилген. Бирок, пилоттук мезгилдин натыйжасында, Калкты тейлөө борборлорунда кечки тейлөө убактысы анча талап кылынбагандыгы аныкталган.
Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган.

