2026-жылдын январында Бишкек алгач ирет 20 жашка чейинки оюнчулар арасындагы дүйнө чемпионатын (III B дивизиону) өткөрөт. Мелдеш 18-январдан 24-январга чейин жаңы «Бишкек Аренада» өтөт.
Чемпиондук наам жана жогорку дивизионго көтөрүлүү укугу үчүн алты курама күч сынашат:
🔶 Кыргызстан
🔶 Мексика
🔶 Люксембург
🔶 Түштүк Африка
🔶 Иран
🔶 Гонконг
Турнирдин кожоюндары болгон Кыргызстандын курамасы алтын байгеге умтулат. Команда былтыр Таиланддагы ушундай мелдеште күмүш медаль уткан тажрыйбасына таянууну көздөөдө.
